Австралиялык окумуштуулар жараатты 1 мүнөттө айыктыра турган желим менен тааныштырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, аталган желим жарааттын хирургиялык операциясыз бүтөлүшүнө жардам берет.
"Сидней шаарындагы жогорку окуу жайынын биринде окумуштуулардан турган топ укмуш желимди элге тааныштырды. Жараатка желимди сүрткөндөн кийин 1 мүнөттүн ичинде милдетин аткара баштайт. Окумуштуулардын айтымында, желим келечекте жараат алган денени хирургиялык жол менен айыктырууну кыскартат. Ошондой эле ал каражат чукул кырдаалда биринчи жардам көрсөтүү үчүн ыңгайлуу экенин айтышкан", - деп жазылат маалыматта.
Аталган каражатты ойлоп чыгаргандар чочконун жаракат алган өпкөсүнө, кан тамырларына да сүртүп көрүп, оң жыйынтык алганын жазышкан.