2-апрелде Кытайдын Бээжин шаарында соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын 13-жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, анда кыргыз тараптан аталган комиссиянын тең төрагасы, биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев катышты. Ал эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү акыркы жылдары туруктуу жогорулоо тенденциясына ээ экенин айтты.
Кытайдын коммерция боюнча министринин орун басары, комиссиянын тең төрагасы Фу Цзыин Кыргыз Республикасы Кытай үчүн инвестициялык долбоорлор боюнча кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар, маанилүү өнөктөш болуп саналарын баса белгиледи.
"Өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунун жыйынтыгы менен эки өлкөнүн ортосундагы бир нече багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча протоколго кол коюлду. Тактап айтканда, тараптар транспорт жаатында шарттарды түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынан Кытайга жана Кытайдан Кыргыз Республикасына жүк жана жүргүнчү ташыган айдоочуларга жаралып жаткан тоскоолдуктарды жоюуну макулдашты.
Кыргыз Республикасынын, ошондой эле эркин экономикалык зоналарынын аймагында кыргыз-кытай автоунаа жана башка тиричилик техникаларды чогултуучу заводдорунун салынышы макулдашылды", - деп айтылат өкмөттүн маалыматында.