Атырау шаарынын жашоочусу бетиндеги шишиктен анорексияга чалдыкты

Казакстандын Атырау шаарынын 29 жаштагы тургуну Зухра Ахметованын бетинде 3 жыл мурун шишик пайда болгон. Бул тууралуу Казакстандын басылмалары жазууда.

Анда жазылгандай, Зухра Ахметова ал убакта кош бойлуу болгон. Медицина кызматкерлерине кеңеш сурап кайрылганда дарыгерлер боюнан алдыртып, бетиндеги шишиктен арылуу керектигин айтышкан.

Зухра Ахметова дарыгерлердин айтканынан баш тартып, кыз төрөгөн. Төрөттөн кийин ал анорексия дартына кабылып, бетинде кайрадан шишиктер пайда болгон. Узак убакыт Орусияда дарыланып, каражаты жетишсиздигинен үйүнө келгенге аргасыз болгон.

Учурда Казакстанда коомчулук анын дартынан айыгып кетүүсү үчүн жардам колун сунууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан