Өзгөн районунда кооптуу аймакта жашап жаткан 751 үй-бүлө үчүн былтыр 216 гектар жер бөлүнүп берилип, 90дон ашыгынын турак жайы курулуп бүткөрүлгөн. Бул тууралуу вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Комитетте 2017-жылы Өзгөн районунда болгон өзгөчө кырдаалдар фактылары боюнча Жогорку Кеңештин токтомдорунун аткарылышы каралып жаткан.
Кенекеевдин айтымында, жаңы конуштар таза суу менен камсыздалып, электр энергиясы тартылган. "2017-жылы башка жылдарга салыштырмалуу өзгөчө кырдаалдардын саны көп катталып, анын кесепетинен келип чыккан зыяндын көлөмү да жогору болгон. Өзгөн районунда жер титирөөдөн жабыркаган жана кооптуу аймакта жашап жаткан үй-бүлөлөрдү коопсуз аймактарга көчүрүү иштери өз нугунда жүрүп жатат", - деди Кенекеев.
Андан сырткары, социалдык объектилерди куруу үчүн 2017-жылы 370 миллион сом бөлүнгөнүн кошумчалады.
"5 мектептин курулушуна 226 миллион, төрт айылды таза суу менен камсыз кылууга 101 миллион, эки айылды электр-энергия менен камсыз кылууга 40 миллион сом бөлүнгөн. Курбу-Таш айылынан Жаман-Адыр айылына көчүрүлгөн 275 орундуу мектепке 91 миллион сом каралса, 45 миллион сому каржыланган. Аюу айылынын окуучулары үчүн Ак-Коргон участкасына курулчу мектепте 73,9 миллион сом бөлүнүп, 40 миллион сому каржыланган", - деди вице-премьер-министр.