Бишкек-Торугарт жолу 3 күнгө жабылды

Бишкек-Торугарт жолу 3 күнгө жабылды. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" Улуттук компания" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматта поезд каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында ушул жылдын 3-апрелинен 5-апрелине чейин Бишкек-Торугарт жолунун 108-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт. Жардыруу иштерине байланыштуу Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу Башкы башкармалыгы тарабынан саат 8:00дөн тартып 22:00гө чейин көзөмөлгө алынган.

Ал эми унаалардын каттамы Ысык-Көл тарапка баруучу айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан