Президент юстиция министри Уран Ахметовду кызматтан бошотту

Юстиция министри Уран Ахметов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков юстиция министри Уран Ахметовдун берген арызын кабыл алып, кызматтан бошотуу буйругуна кол койду.

Эске салсак, Уран Ахметов кечээ, 2-апрелде кызматтан кетүү арызын жазган.

Ахметов Уран Түлөндиевич 1980-жылы 19-майда Бишкек шаарында туулган. Ал 2003-жылы Кыргыз Эл аралык университетин, 2009-жылы Япониянын Кюсю университетинин юриспруденция факультетин бүтүргөн.

2001-2002-жылдары - Дене тарбияны, спортту жана олимпиадалык кыймылды колдоо боюнча коомдук фонддун директору;

2002-2004-жылдары - Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин юридикалык бөлүмүндө башкы адиси;

2004-2005-жылдары - Экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана соода министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

2005-2010-жылдары - Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинде, Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинде жана Энергетика министрлигинде юридикалык бөлүмдүн башчысы;

2010-жылы - Убактылуу өкмөттүн аппаратында укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн эксперти; президенттик администрацияда укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн соттордогу өкүлчүлүк секторунун эксперти;

2010-2012-жылдары - өкмөттүк аппаратта укуктук камсыздоо бөлүмүнүн сот органдары менен өз ара аракеттешүү боюнча секторунун башчысы;

2012-жылы - президенттик аппаратта укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.

2016-жылы ноябрь айында юстиция министри болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан