Бишкекте 1400 маршруттук такси ишке чыкты, 1250сү чыккан жок

Бүгүн шаарда 1400 маршруттук такси иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда шаардын көчөлөрүндө 65 каттам боюнча 1400 маршрут жана 127 автобус, 104 троллейбус иштеп жатат.

Ал эми Бишкек шаардык транспорт агенттигинин башчысы Уланалы Абдраимов маршруттук каттамдын бардыгын ишке чыгаруу боюнча каттамдарды ишке ашырган жетекчилер менен сүйлөшүүлөр болуп жатканын айтат.

"Учурда шаарга 65 пайыз маршруттук таксилер күндөгүдөй жумушка чыгышты. Ал эми ар бир каттамдын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, эртең бардык маршруткаларды ишке чыгаруу аракеттери көрүлүп жатат", - деп билдирет Абдраимов.

Ошондой эле буга чейин шаарда 2650 маршрут тургундарын ташып келгенин кошумчалады.

Эске салсак, 2-апрелде маршруттук таксилердин айдоочулары нааразычылыгын билдирип иш ташташкан. Алар укуктары корголбогондугун, көп тараптан кысымдар болуп жаткандыгын айтышкан. Ал эми шаар тургундары күтүүсүз жаралган бул кырдаалга нааразы болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aman_90
2018-04-03 13:44:12
Жакшы болуптур!!!
+1
Baku88
2018-04-03 14:00:36
Чыгасынар да башка каяка бармаксынар
+4
Azat.97
2018-04-03 14:01:24
Кыз боосуп энесин коркутат болуптурго бул жагы
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан