Ош шаардык соту “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун мүчөсүн үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет. Маалым болгондой, 2013-жылдын 13-июнунда Ош облусунун ИИБи козголгон кылмыш ишинин алкагында Кара-Суу районунда “Хизбут-Тахрир” уюмунун 9 жигердүү мүчөсүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында табылган материалдар Диний иштер боюнча мамлекеттик комиссияга соттук-теологиялык экспертизага жөнөтүлгөн. Экспертиза жыйынтыгына ылайык, кармалгандардын бири Кара-Суу шаарынын тургуну М.Мга диний кастыкты тутандыруу, экстремисттик чакырыктары, өз компьютеринде экстремисттик материалдарды сактоо фактылары боюнча айып коюлган. Ал эми кечээ, 17-июнда Ош шаардык сотунун соту Т.Айбатиев тарабынан айыпталуучу М.М. үй камагына чыгарылган. Учурда прокуратура органдары Ош шаардык сотунун чечимине даттанууга ниеттенүүдө.