Бишкектеги маршруттук таксилердин иш таштаганы Жогорку Кеңешке жетти

Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Бишкекте маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш таштаганы талкууланып жатат.

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев комитет мүчөлөрүнө маршруттук таксилердин айдоочулары 2-апрелде эмне үчүн ишке чыкпай койгонун түшүндүрүп берди. "Айдоочулар камсыздандырууну, бирдиктүү форма кийүүнү четке кагып, каалаган жерден токтоого уруксат берүүнү, жол киренин акысын 15 сомго жогорулатууну жана жүргүнчүлөрдү каалаган жерден өтүүсүнө тыюу салуу талаптарын коюшкан. Бирок мыйзам баарына бирдей болуш керек", - деди Жумагазиев.

Анын маалыматына караганда, 2017-жылы эл ташыган маршруттук таксилердин катышуусунда Бишкекте жалпы 600дөн ашык жол кырсыгы катталса, анын кесепетинен 1100 адам жаракат алып, 60тан ашык адам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nuri1
2018-04-03 13:28:09
Бала ыйлабаса эмчек кайда? Туура ыйлышсын, айтышсын. Айдоочулар да уй булосун багабыз деген адамдар. Бироонун мойнуна жук артпаш керек.
-10
Bars88
2018-04-03 14:20:59
Камчыбек Жолдошбаев деген кече уялбай жумушка барды болуш керек аа.Кесиптештери маршрутка менен келбей
+6
Kojo1995
2018-04-03 18:38:29
Камчыбек жолдошбаевти беш сарыда иштеген соодагерлер Шрек дешет экен
+3
jaskaaa
2018-04-03 20:20:34
Kojo1995, Шрек ага караганда Ыймандуураак
+2
kairhai
2018-04-03 15:12:48
Кеч жеткен го... Бизге кече эле жеткен...
+3
Piligrim
2018-04-03 16:42:38
Эми жеттиби аларга, тааңгөрү десе.
+5
Zhoodarbek-myrza
2018-04-03 17:34:58
Жетпей эле койбоптур, эми муну иликтейбиз деп депутаттык комиссия тузобуз деп акча жеп убара болушат.
+4
altyn7776
2018-04-03 19:30:46
булар булуттун устундо жашашат.. канча нерсе жетпей канаты кайрылат...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан