Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабековдун бир тууган агасы Алмазбек Жумабеков Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, спикердин бир тууганы Алмазбек Жумабеков 2-апрелде жалпы жамаат менен тааныштырылган. Ал мурда аталган облустун ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенип келген.
Аталган башкармалыктын мурдагы башчысы Ильяз Касымбаев кызматындагы мүчүлүштүктөрү үчүн 30-мартта кызматынан бошотулган.