Бүгүн, 3-апрелде парламенттин тийиштүү комитетинде чет элдик айдоочулар жол, жүк жана эл ташуу боюнча мыйзамдарды бузган учурда аларга карата салынган айып пулдун көлөмүн 50 миң сомго көтөрүү сунушталууда.
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун айтымында, мыйзам бузуулар болгондо административдик жазалар аткарылбай калгандыктан бюджетке көптөгөн акча каражаттары түшпөй калууда.
"Бул мыйзам долбоору аркылуу чет элдик унаа ташуучулардын уруксатсыз унаа ташуусуна салынган айып пулдун көлөмүн 50 миң сомго жогорулатуу керек. Эгерде бир жыл ичинде мыйзамсыз аракети кайрадан катталса айып пулдун көлөмүн 100 миң сомго көтөрүү сунушталууда. Ошондой эле эл ташыган жана жүк ташыган унаа айдоочулары жол кыймылын бузганда айып пулдун көлөмүн 50 миң сомго жогорулатуу зарыл болууда. Мындай демилгени алып чыгууга жакынкы жана алыскы өлкөлөр өз мыйзамдарын коргоо максатында чет элдик мыйзам бузган айдоочуларга каршы ири административдик чараларды көрүп жатканы түрткү болду", - деди Калилов.