Бүгүн, 3-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, министр 8-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин чечими менен ички иштер органдарынын алдына коюлган олуттуу милдеттерди ишке ашыруу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ыкчам чаралар тууралуу маалымат берди.
Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ички иштер органдары тарабынан иштер күчөтүлүп жаткандыгы байкалгандыгын белгиледи. "Бирок алдыга коюлган конкреттүү максаттарга жетиш үчүн дагы көп иштеш керек", - деп Сооронбай Жээнбеков милициянын иши мыйзамга гана негизделиши керектигин айтты.
Мамлекет башчысы ИИМ системинде коррупция деңгээли жогору экендигин, ошондой эле милиция кызматкерлеринин көп сандаган мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган статистикалык маалыматтарды келтирди.
Президент Улан Исраиловдон алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруу ыргагын басаңдатпастан, ички иштер органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча катуу чараларды колдонууну, калк менен тыгыз иштешүүнү талап кылды.