Бишкекте дагы 2 көчө оңдоо иштерине байланыштуу жабылды

Бишкекте дагы 2 көчө оңдоо иштерине байланыштуу жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

"Бүгүн, 3-апрелден тартып 15-июнга чейин Чынгыз Айтматов кең көчөсүнүн Семетей көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейинки аралыгы оңдоо иштерине жабылды. Мындан сырткары, Достоевский көчөсүнүн Анкара көчөсүнөн тартып Лев Толстой көчөсүнө чейинки аралыгы да оңдоо иштерине байланыштуу жабылды. Аталган көчөдө оңдоп-түзөө иштери 2018-жылдын 30-июлуна чейин уланат", - деп маалыматта жазылат.

Аталган көчөлөрдө жолдор оңдолуп, жол белгилери жаңыланып жана жаңы аялдамалар пайда болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aydinnur
2018-04-03 15:29:04
Ии
0
bolotbeck1983
2018-04-03 18:29:53
Аялдамалардын аталыштарын да жаза кеткиле, анткени мен бир да аялдаманын өз аталышын көрө албадым. Баарында эле БРОМСАН деп койгон, биринчи мен аты ушундай экен деп ойлопмун. Көрсө ушул дары-дармектин аты популярдуу болгон турбайбы.
+1
Dima85z
2018-04-04 00:42:36
bolotbeck1983,туура айтат аны жазыш кыйын емеско хотябы ошолорго маани берип койгула
0
Dima85z
2018-04-04 00:40:43
Белгилерге жакшы конул бургула москвага келип суктандым условия тузсонор жол ережесида аз болот екен остановкаларыда маршруткаларына карата отделно екен катары мн остановка кылганга же место жокпу мен ойлодум кочолорду кенейтиш керек борбордогу особенно
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан