Америкалык актёр, "Алтын глобус", "Эмми" сыйлыктарынын ээси Алек Болдуин 1958-жылы 3-апрелде АКШнын Нью-Йорк штатындагы Амитивилль кыштагында туулган. Ал Жордж Вашингтон атындагы университетти саясий илимдер адистиги боюнча, Нью-Йорк университетиндеги драма классын, Нью-Йорктогу Ли Страсберг институтун бүтүргөн.
Коомчулукка "Бруклиндин мыйзамдары", "Аферисттер: Дик жана Жейн көңүл ачышууда", "Акыркы кадр", "Авиатор", "Качуу", "Көлөкө" жана башка тасмалардагы ролдору аркылуу кеңири таанылган.
Актёр сүйүү жаатындагы ролдорду ийине жеткире аткарган таланты менен өзгөчөлөнөт. Ал гана эмес чыныгы жашоодо да Элизабет Макговерн, Жулия Харрис баштаган бир топ атактуу сулуулардын жүрөгүн багындырганы айтылып келет.
Болдуиндин биринчи жубайы актриса Ким Бейсингер. Түгөйлөр 9 жылдан ашуун бирге жашап, 1 кыздуу болгон соң эки башка жолду тандашкан. Андан соң йога боюнча машыктыруучу Хилари Томас менен баш кошуп, учурда 3 баланы тарбиялап келишет. Чет элдик басылмалардын жазгандарына таянсак, ушул жылы актёр дагы бир баланын атасы болушу күтүлүүдө.
3-апрелдин жылнаамсы.