Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон айылында жаңы курулуп жаткан көпүрөдөн жергиликтүү тургундар атайын коюлган белгиге карабай өтүп жатышат. Бул тууралуу бүгүн SUPER.KG порталына Жала-Абад облусунун курулуш башкармалыгынын техникалык-өндүрүш бөлүмүнүн жетекчиси Ахмад Курбанов билдирди.
"Базар-Коргон айылынан өткөн Кара-Үңкүр дарыясынын үстүнө курулуп жаткан көпүрө ишке бериле электе эле жергиликтүү тургундар андан өтүп жатышат. Көпүрөнүн 2 башында өткөнгө болбойт деген атайын белгилер орнотулган. Курулуш материалдары, тактап айтканда, көпүрөгө чейинки жол четине коюлуучу бардюрларды түшүрүп жана ал жакта иштеп жаткан куруучулардын тиешелүү документтери жана коопсуздугу үчүн берилген кийимдери бар", - дейт Курбанов.
Ошондой эле жетекчи көпүрө атайын сыноодон өткөнүн жана курулуш иштеринин 90 пайызы бүтүп калгандыгын билдирип төмөндөгүлөргө токтолду:
"Коопсуздук үчүн каралган атайын каскаларды жумушчулар кийбей койгондугу үчүн куруу иштери менен алектенип жаткан адамдардын жетекчилигине 7 миң сом өлчөмүндөгү административдик айып салынды. Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан каражат бөлүнө электигине жана тийиштүү органдар тарабынан текшерүүлөр жүрүп жаткандыгына байланыштуу куруу иштери убактылуу токтотулду".
Эскерте кетсек, буга чейин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жаңы курулуп жаткан көпүрө адамдардын жашоосуна коркунуч жаратып жаткандыгы тууралуу маалымат тараткан.