Мэрия: "Транспорт башкармалыгынын башчысынын иштен кетүүсүнө маршруттук таксилердин иш таштоосунун тиешеси жок"

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Абдрахим Абдрасилов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, транспорт башкармалыгынын башчысы Абдрахим Абдрасилов 19-мартта өз эрки менен кызматтан кетүү арызын жазган, 2-апрелде иштен бошотулду.

"Мыйзам боюнча арыз 14 күн мурда берилиш керек, Абдрасиловдун иштен кетүүсү маршруттук таксилердин иш таштоосуна тиешеси жок", - деп басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, кечээ, 2-апрелде маршруттук таксилердин айдоочулары бир нече талаптарды коюп, ишин таштаган. Мындан улам шаарда жол тыгыны пайда болуп, такси кызматтарынын баасы эки эсеге өскөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sirenaaaaa
2018-04-03 18:39:35
Кандай эле Уран Ахметовдун иши бир кундо чечилет да транспорт башкармалыгыныкы 14кундо чечилсин.жомокту айтпагылачы
+1
sirenaaaaa
2018-04-03 18:40:32
Сенин айынан мени кет деп митингге чыгышты деп Албек кетирди да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан