Парламент комитетинде Орусияга дипломатиялык статуска ээ болгон 9 өкүлчүлүк ачуу боюнча мыйзам долбоору жактырылды

Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеӊештин тийиштүү комитетинин жыйынында Кыргыз өкмөтү менен Орусия өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык статуска ээ болгон өкүлчүлүктөрдү ачууга багытталган макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралды.

Комитет төрагасы Исхак Пирматовдун айтымында, келишимге ылайык, Кыргыз мамлекетинин Миграция кызматы Орусия аймагында дипломатиялык статусуна ээ болгон 9 өкүлчүлүк ачууну көздөйт. Ошону менен бирге Орусиянын Бишкек жана Ош шаарларына 2 өкүлчүлүгү ачылмакчы.

Депутаттар Тышкы иштер министрлигинен мындан ары да Орусияда эле эмес, чет өлкөлөрдүн баарында өкүлчүлүктөрдүн санын көбөйтүү чараларын колго алууну өтүнүштү. Алар буга эмгек мигранттар жумуш берүүчүлөр менен соттошуп калган учурларда Кыргыз мамлекетинин өкүлчүлүктөрү жоктугунан улам, көп маселелер оӊ жагына чечилбей калып жатканын айтышты.

Жыйынтыгында, комитет мүчөлөрү ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан