Ак калпакты мазактагандарды жоопкерчиликке тартуу сунушталып жатат. Бул тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Мыйзам долбоордун демилгечилери – "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Экмат Байпакбаев жана "Бир Бол" фракциясынан депутат Бакирдин Субанбеков. Улуттук баш кийим ак калпакты мазактагандарга 2 миң сом айып пул салуу сунушталууда.
Мыйзам долбоору ак калпактын кадыр-баркын жакшыртууга, аны коргоого жана өнүктүрүүгө багытталган.