Жарандык активист Мавлян Аскарбековдун соту жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде SUPER.KG порталына жарандык активист Айбек Мырза билдирди.
Анын айтымында, соттук отурум судьянын ооруп калганына байланыштуу 10-апрелге жылдырылды. Маалыматка ылайык, бүгүн ага карата соттун чечими чыкмак.
Биринчи Май райондук соттун имаратынын алдына Аскарбековдун тарапташтары митинг уюштурду. Алар колдоруна "Мавлян Аскарбековго саясий куугунтук токтотулсун", "Дача-СУ тургундары Мавлян Аскарбеков менен", "Сооронбай Жээнбеков! Адилеттүүлүк болсун" деген жазууларды көтөрүп алышкан.
Эске салсак, Мавлян Аскарбековго Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин 1-бөлүмү (бийликти күчкө салып тартып алууга же конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо) менен кылмыш иши козголгон.