Кытайдын Чэнду шаарынын тургуну Ван Мин Цин 24 жыл бою издеп жүргөн кызын тапты. Бул тууралуу маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Окуя мындан 24 жыл мурун болгон. Ван Мин Циндин 3 жаштагы Ци Фэн аттуу кызы дайынсыз жоголуп кеткен. Ван Мин Цин жана анын жубайы Лю Дэн Ин жашылча-жемиш сатып эмгектенип, кызын жанына алып алышчу. Бир күнү кечке жуук Ван Мин Цин жанындагы сатуучуга акча майдалатканы кетип, кайра келгенде Ци Фэнди таппай калган. Кызын жоготуп алган ата-эне гезиттер, сайттар аркылуу издөө салышкан. Бирок жыйынтык болгон эмес. Ошондо атасы кызын издөө максатында Чэнду шаарында айдоочу болуп жумушка орношкон. Балким, кызым же аны тааныгандар унаага отуруп калар деп үмүттөнгөн.
Бир нече жылдарга созулган издөө жыйынтыгын бербей калганда Ван Мин Цин 2015-жылы "Диди Чуксинг" транспорт кызматын көрсөтүүчү компанияга ишке орношот. Ал унаанын арткы терезесине кызын издеп жүргөн жарнакты жана кичүү кызынын сүрөтүн чаптап алат. Кыздары бири-бирине аябай окшош болгону үчүн жоголгон кызы тааныгандар жардам берет деп ойлогон.
Күтүлгөндөй эле Ван Мин Циндин кардарлары ага жардам көрсөтүп, билдирүүсүн социалдык тармактардан жайылта баштаган.
Кытайдын түндүгүндөгү Гирин шаарында жашаган 27 жаштагы Кан Ин өзүнө окшош кыздын изделип жатканын көргөн. Ушул жылдын башында кыз Ван Мин Цинге кат жазып, ал издеп жүргөн кызга окшош экенин кабарлаган. Ортодо сүйлөшүүлөр болуп Кан Ин ДНК анализ тапшырганда Ван Мин Циндин кызы экени аныкталган. 3-апрель күнү Кан Ин Гиринден Чэнду шаарына күйөөсү жана 2 баласы менен ата-энесинин үйүнө келген.
Кан Ин же жоголгон кыз Ци Фэн Чэнду шаарынан болгону 20 километр алыстыктагы коңшу шаарда чоңойгондугу белгилүү болгон. Аны асырап алган ата-энеси Кан Инге аны кичинекей кезинде жолдун боюнан таап алышканын айтып берген.