Президент Сооронбай Жээнбеков Абдель Фаттах Ас-Сисиге анын Египет Араб Республикасынын президенти болуп кайрадан шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу кечээ, 3-апрелде президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
"Сиздин Египет Араб Республикасынын президенти кызматына кайрадан шайланышыңызга байланыштуу менин чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алып коюңуз. Кайрадан шайланышыңыз сиз жүргүзүп жаткан мамлекетти жана коомду ар тараптан өнүктүрүү багытына элдин ишениминин жогорку деңгээлин ырастап турат. Сиздин жетекчилигиңиз менен Египет Араб Республикасы чоң ийгиликтерге жетишет деп ишенем. Бекем ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди, ал эми биз менен дос Египет элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалайм", - деп жазылат куттуктоодо.