Чүйдө кайырчылык кылган 6 өспүрүм балдар үйүнө өткөрүлүп берилди

Чүйдө кайырчылык кылган 6 өспүрүм балдар үйүнө өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда “Багуусуз бала" (Беспризорник) аталышындагы рейд өттү. Анда туруктуу жашаган жери жок жарандар көп чогулган 173 жай, 19 базар жана соода түйүндөрү, 62 жер төлө жана жылуу түтүктөр өткөн жай, 60 компьютердик клуб жана башка 32 коомдук жайлар текшерилип, жыйынтыгында көчөдө кайырчылык кылган 6 өспүрүм аныкталган.

Мындан сырткары, 21 өспүрүм сабакка барбай жатканы белгилүү болгон. Ошондой эле рейд учурунда жаш өспүрүмдөр катышкан 7 кылмыш ишинин бети ачылып, издөөдө жүргөн 3 өспүрүмдүн жүргөн жерлери такталган. Аз камсыз болгон 9 үй-бүлө жана иштеп, акча табууга аракет кылып жүргөн 27 өспүрүм белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан