АКШнын Калифорния штатындагы YouTube'дун башкы кеңсесинде атышуу болду. Атышуудан 4 жаран жаракат алып, бир аял каза болгондугун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, ок чыгарган аял өз өмүрүнө кол салып көз жумган.
"Күтүүсүздөн кеңседе атышуу башталды. Мен жумуш ордумда атышуунун үндөрүн жана кесиптештеримдин бөлмөдө октон качып жүргөндөрүн көрүп жаттым", - деп Twitter баракчасына аталган мекеменин кызматкери билдиргенин басылмалар белгилешет.
Ошондой эле кийинчерээк ошол эле кызматкер атышуу болуп жаткан мекемеге полиция кирип, аны куткарып чыкканын кабарлаган. Полиция тарабынан куткарылган дагы бир кызматкер: "Канды көрдүм. Ок чыгарган жаран өзүн атып салды", - деп кошумчалаган.
"Полициянын маалыматына ылайык, жаракат алган 4 жаран Сан-Францискодогу ооруканага жеткирилген. Үчөөнүн абалы учурда оор бойдон калууда", - деп жазылат маалыматта.
Маалыматта жоолукчан, кара түстөгү кийимчен аял ок чыгарганы кошумчаланат. Ал жалгыз болгон. Компаниянын мекемеси бир нече тик учактын курчоосуна алынган. Компаниянын башкы кеңсесинде жалпы 1600 кызматкер эмгектенет.