
Бишкекте маршруттук таксилер өз нугунда иштей баштады. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кичи автобустардын айдоочулары талаптарын расмий түрдө Бишкек мэриясына кечээ, 3-апрелде беришкен. Алардын талаптарынын ичинен жол кире акысын көтөрүү эми каралат, ал эми камсыздандыруудан сөзсүз түрдө өтүшү керек. Бүгүн, 4-апрелде 2 миң 200дөн ашык маршруттук такси жумушка чыккан.
Буга чейин, 2018-жылдын 1-апрелинен тарта административдик жол эрежесинин 201-пунктуна өзгөртүү кирип, кичи автобустун айдоочуларында камсыздандыруу полиси болушу керек деген жаңы мыйзам кабыл алынганы белгилүү болгон.
Эске салсак, 2-апрелде иш ташташкан маршруттук таксилердин айдоочулары нааразычылыгын билдиришип, бир катар
талаптарды коюшкан.