Орусияда интернет колдонуучуларынын жоопкерчилигин күчөтүү демилгеленүүдө. Тиешелүү мыйзамды парламенттин "Единая Россия" фракциясы иштеп чыкканын орусиялык басылмалар жазышты.
Документке ылайык, суткасына 100 миңден ашуун көрүүчүсү бар социалдык түйүндүн ээси Орусиянын аймагында өз өкүлчүлүгүн ачууга милдеттүү. Мындан сырткары, согушка, улуттар аралык кастыкка, расалык жана диний багыттагы жек көрүүчүлүккө үндөгөн маалыматтар колдонуучулардын талабы менен өчүрүлүп турушу кажет. Бул талаптарды аткарбаган социалдык түйүндүн ээлери административдик жана Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылмакчы. Бул мыйзам жалган, тастыкталбаган маалыматтарды тараткан колдонуучуларга бөгөт коюуга багытталган.