2-апрелден бери иш таштап, аймактарга жүк ташууну токтотуп Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" көзөмөл-өткөрүү бекетинде турган айдоочулар бүгүн да иш башташкан жок. Мындан улам түштүк аймагында күйүүчү май жетишсиз болуп жатканы айтылууда.
Маалыматты тактоо үчүн Жүк ташуучу унаалар ассоциациясынын жетекчиси Чолпонбек Жанбаевге байланышканыбызда: "Биздин максатыбыз - күйүүчү майды такыр эле аймактарга жеткирбей коюп, элди кыйноо эмес. Бизге май куюучу жайларда күйүүчү май түгөнүп, жетишсиз болуп жатканын айтышкан, учурда 100 жүк ташуучу унаанын ичинен күнүнө 4-5 унааны жиберип жатабыз. Бүгүн вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлдөрү менен келип чогулуш өтүп кетем деди. Бирок биздин көйгөй бир күндө эле чечилип калчу маселе эмес. Анан да бул жерде Транспорт министрлигинин өзүнүн кызыкчылыктары бар, алар чечип бере алышпайт. Биз өкмөттүк деңгээлде комиссия түзүлүп, маселенин терең изилденишин каалайт элек", - деп билдирди.
Айта кетсек, күйүүчү май ташыган унаалардын айдоочулары унааларды камсыздандырууга жана айып пулдун көлөмүнө нааразы болуп иш таштап жатышат.