Зулушев: "Мен "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидерлигине талапкерлигимди койгон эмесмин"

Кечээ, 3-апрелде Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, Руслан Казакбаевдин отставкасын кабыл алышкан. Анын ордуна фракция лидерлигине Жыргалбек Турускуловду шайлашкан.

Депутат Курманкул Зулушев SUPER.KG'ге билдиргендей, ал фракция лидерлигине талапкерлигин койгон эмес.

"Казакбаевди лидерликтен алууга жалпы депутаттардын ой-пикири себеп болду. Мындан улам фракциянын жалпы мүчөлөрү анын ордуна Турускуловду шайлашты. Мен лидерликке талапкерлигимди койгон эмесмин. Депутат Таабалды Тиллаев маалымат каражаттарына менин да талапкерлигим коюлганын билдириптир. Андай болгон жок", - деди Зулушев.

Эске салсак, Таабалды Тиллаев Курманкул Зулушев менен Жыргалбек Турускулов лидерликке талапкерлигин койгонун билдирген. "Зулушев талапкерлигин алып салып, Турускулов көпчүлүк добуш менен лидер болуп шайланды", - деп айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан