Кант шаарынын борбордук базары өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербейт

Кант шаарынын борбордук базары өрт коопсуздугунун талаптарына толук кандуу жооп бербейт. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги базарда машыгуу өткөргөн учурда өрт өчүрүүчү унаа белгиленген өрттү убагында өчүрө алган эмес. Унаанын кирүүсүнө баш аламан жайгашкан соода жайлары тоскоолдук жараткан. Мындан тышкары, суу толтуруучу түтүкчөлөрдүн иштен чыккандыгы аныкталган.

"Мамэкотехинспекциянын Аламүдүн, Ысык-Ата райондору боюнча аймактык башкармалыгынын адистери буга чейин Кант шаарынын базарында текшерүү иштерин жүргүзүп, өрт коопсуздугу боюнча олуттуу кемчиликтерди аныктаган. Базарда соода орундары баш аламан жайгашкан, унаалар кирип-чыккан жолдор тарып кеткен. Натыйжада, кемчиликтерди жоюу боюнча Мамэкотехинспекция тарабынан Кант базарынын ээлерине эскертүүлөр берилген", - дейт басма сөз кызматынан.

Алардын айтуусуна караганда, машыгуунун соңунда аныкталган кемчиликтер боюнча тийиштүү кагаздар толтурулуп, Мамэкотехинспекциянын адистери тарабынан базар ээлерин административдик жоопкерчиликке тартуу каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан