Бишкектеги үлпөт тойдо тамак-ашка уулангандардын ден соолугу туруктуу. Алар ооруканадан чыгарыла баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкектеги ооруканадан 10 бейтап чыгарылды.
"Учурда Бишкектеги ооруканада 128 бейтап дарыланууда. Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы ооруканаларда 36 жабырлануучу медициналык жардам алууда. Ал эми 9 жаранга амбулатордук медициналык жардам көрсөтүлүүдө", - дейт басма сөз кызматы.
Айта кетсек, Бишкектеги "Ала-Тоо" ресторанында 30-мартта өткөн үлпөт тойдо тамак-ашка уулангандар медициналык жардам сурап ооруканаларга 31-мартта кайрыла баштаган. Ооруканага кайрылгандардын он тогузу жаш балдар. Алардын көбү тойдон үйгө алып келинген тамак-ашка ууланганы аныкталган. Акыркы алынган маалымат боюнча тамак-ашка уулангандардын жалпы саны 234кө жеткени кабарланган. Бишкек ШИИББи адамдардын массалык түрдө уулануусу боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөө иштерине байланыштуу "Ала-Тоо" рестораны убактылуу жабылган.