4-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык беттештери орун алды. Анда Турин шаарында жергиликтүү "Ювентус" өз талаасында "Реал Мадрид" командасын кабыл алды.
"Ювентустун" күйөрмандары Криштиану Роналдуга кол чапты...
"Ювентус" - "Реал Мадрид" - 0:3"
Голдор: Криштиану Роналду (3-мүнөт, 64-мүнөт), Марсело (72-мүнөт).
Италиянын чемпиону "Ювентус" Турин шаарында Чемпиондор Лигасынын 2 жылдан берки чемпиону "Реал Мадридди" кабыл алды. Бул беттешти "Реал Мадрид" ийгиликтүү чабуул менен баштады. 3-мүнөттө Иско баштаган чабуул Криштиану Роналдунун таамай соккусу менен жыйынтыктап, эсеп саны 0:1 болду. 1-таймдын жыйынтыгына чейин италиялык команданын оюнчулары бир топ курч чабуулдарды аткарышты, бирок таамай болбой эсеп 0:1 бойдон калды.
64-мүнөттө Криштиану Роналду кооз соккусу менен гол киргизгенге үлгүрдү. Оң канаттан чабуулду баштаган Карвахаль Криштиану Роналдуга топ көтөрүп берди, Роналду өзгөчө сокку менен гол киргизип, Буффонго топту тосууга мүмкүнчүлүк берген жок.
Бул голду көргөн "Реалдын" гана эмес, "Ювентустун" дагы күйөрмандары ордунан туруп кол чапты.
Мындан улам "Ювентус" эсепти тең кылганга үмүтүн жоготуп, 72-мүнөттө дагы бир гол өткөрүп жиберди. Марсело Криштиану Роналдунун пасынан улам Буффон менен бетме-бет кез келип, гол киргизгенге жетишти.
Муну менен "Реал Мадрид" конокто 0:3 эсеби менен жеңишке жетип, эми 10-апрелде "Ювентусту" өз талаасында кабыл алат.