Шайлоолорду өткөрүүнүн сапатын аныктаган изилдөөнүн жыйынтыгында, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргыз өлкөсү эң көп упай топтоду. Бул тууралуу изилдөө жыйынтыгы жарыяланган докладда айтылат.
Маалыматка ылайык, докладда дүйнөнүн 164 өлкөсү камтылган. Анын ичинен Кыргыз өлкөсү 53 упай менен рейтинг боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы сапка жайгашкан. Казакстан 45 упай, Өзбекстан 38, Тажикстан 36 жана Түркмөнстан 34 упай алган.
Изилдөөгө 2012-жылдан 2017-жылга чейинки мезгил камтылып, 164 өлкөдө өткөн парламенттик жана президенттик шайлоолор изилдөөгө алынган.
Жалпы рейтингдин алдыңкы сабында Дания, Финляндия, Норвегия жайгашса, акыркы сапта Гвинея, Сирия, Бурунди өлкөлөрү турат.
Бул изилдөөнү Сидней университети жана Гарвард университети өткөргөн.