Баткенде Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан үч адам жабыркаган

Баткен районундагы Үч-Дөбө айыл аймагында болгон Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан үч Кыргыз жараны жаракат алган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

"3-апрелде Баткен облустук биргелешкен ооруканасына эки жаран башынан жаракат алып жаткырылган. Алар Самаркандек айылынын тургуну А.Н. жана Миң-Булак айылынын 39 жаштагы тургуну Б.А. Учурда жабыркагандар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Дагы бир Үч-Дөбө айылынын А.А. аттуу тургуну дарыгерлер тарабынан көргөзүлгөн биринчи жардамдан кийин үйүнө кеткен. Бүгүн эртең менен Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдиш Халмурзаев ооруканага барып, жарандардын абалы менен таанышып келди. Учурда жабыркагандардын абалы жакшы", - дейт басма сөз кызматы.

Эске салсак, 3-апрелде Баткен районунун Үч-Дөбө айыл аймагында Тажик жана Кыргыз жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Бул боюнча айылдын тургуну окуя тууралуу талашка түшкөн жер кыргыздарга тийиштүү болгонун айткан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
tynkatar03
2018-04-04 14:57:33
Кыргызстандын сыймыктуу жарандары деп Баткендиктерди айтса болот экен.КУралы жок таш менен эле коргоп келе жатат канча жылдан бери

+12
madiyar1
2018-04-04 15:44:25
tynkatar03,кошуламын!
Бишкекте отуруп алып иш тапаган Эшек суугарат кылып жатасынар Бийликтегилер !колунардан келбесе келбейт деп койгула намысынар барбы ?
Баткендиктер молодец жеринерди алдырбагыла!!!
+9
cyrus
2018-04-04 15:04:59
Биздин аткаминерлер чек ара маселесин биринчи чечбейби, кайдагы керексиз нерселерге баш оорутбай. Жада калса ХХХХХ ХХХХХ
+3
Ermekbai
2018-04-04 15:13:38
cyrus, чоңдорго ошол жерге ұй салып көчүрүш керекда ошондо чек ара маселесин чечишет
+5
Muratmipa
2018-04-04 15:26:51
Ermekbai,кой андай дебе ошо куну сатып кетет каалаган жагына
+6
Gulnyr19
2018-04-04 23:58:30
Баткенчи Баткендик деп куудулдар баш болуп мыскылдайсыңар көрдүңөрбү жерибизди кантип коргойт.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан