"Руслан Казакбаев депутаттардын ишенбестигинен улам фракция лидерлигинен түштү", - деп 4-апрелде SUPER.KG порталына аталган фракциянын жаңы лидери Жыргалбек Турускулов билдирди.
Анын айтымында,3-апрелде өткөн чукул жыйынга Казакбаев чакырылган, бирок келген эмес. "Жыйынды лидердин орун басары Талант Мамытов өткөрдү. Лидер алмаша турганын Казакбаев билген, ага айтылган", - дейт Турускулов.
Эске салсак, кечээ фракциянын депутаттары чукул жыйынга чогулуп, лидерликке Жыргалбек Турускуловду шайлаган. Ал эми Руслан Казакбаев жыйын өтүп жатканы боюнча маалыматы жоктугун айтып, лидер алмашат деген сөз ушак экенин билдирген.