Бишкек-Ош унаа жолундагы кар көчкүлөрдү атып түшүрүү иштери башталды

Бишкек-Ош унаа жолундагы кар көчкүлөрдү атайын атып түшүрүү иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек-Ош унаа жолунун коопсуздугун камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө максатында 2-апрелден 11-апрелге чейин артиллериялык куралдарды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан. Бирок аба ырайына байланыштуу кар көчкүнү атып түшүрүү иш-чаралары бүгүн, 4-апрелде башталган. Бишкек-Ош унаа жолунун 121-129-чакырымы жана 198-250-чакырымдарында аталган иш-аракеттер жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан