"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Ынтымак айылындагы жолдор атайын техника менен тегиздетилип, унаалардын жүрүүсүнө шарттар түзүлдү" дейт жетекчиси

Ош облусундагы Өзгөн районуна караштуу Ынтымак айылындагы жолдор атайын техника менен тегиздетилип, унаанын кыйынчылыксыз жүрүүсүнө шарттар түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн SUPER.KG порталына облустук 956-жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Данияр Пирматов билдирди.

"Көчкү түшкөн аймактан тургундар көчүрүлгөн. Бирок азыркы тапта алар жашап жаткан аймакта мектеп курулуп бүтө элек. Бул маселеге байланыштуу окуучулар жакынкы мектепке машруттук унаа менен барып келишет. Азыркы тапта унаа өтүүчү жол толугу менен атайын техниканын жардамы менен тегиздетилип, оңдолгон", - дейт Пирматов.

Ошондой эле ал аталган жолдо жаан жааган мезгилде жер алдынан чыккан суулардын деңгээли көтөрүлүп, жолдордо окурман билдиргендей абал жаралып жаткандыгын кошумчалады.

"Азыркы тапта жер алдынан чыккан сууларды жана жолдорду изилдөө иштери жүрүп жатат. Бул иштер аяктаган соң 2018-жылдын экинчи жарым жылдыгында бул жолго асфальт төшөө иштери башталат", - деп билдирди жетекчи.

Эске салсак, "Ош облусундагы Өзгөн районуна караштуу Ынтымак айылындагы көчөлөр окуучуларды кыйнап жиберди" деген билдирүүнү окурман "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу билдирген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан