Бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында “Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.
Бул долбоор салык төлөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында, ошондой эле үч жана андан ашык адамды багып жаткан салык төлөөчүлөр үчүн социалдык төлөмдөрдүн көлөмүн 25 пайызга кемитүү каралган.
Мыйзам долбоорун демилгелеген депутаттардын айтымында, бул өз кезегинде салык төлөөчүнүн экономикалык абалына оң таасир этет.
Статистика комитетинин маалыматына ылайык, азыркы учурда Кыргыз мамлекетинде 1,5 миллионго жакын үй-бүлө бар. Анын ичинен 71 пайызы 2 жана андан ашык балалуулар. Муну менен калктын санынын көпчүлүгүн түзгөн (2 жана андан ашык балалуулар) жарандардын кызыкчылыктары салык мыйзамдарында көрсөтүлүшү керек.
Добуш берүү учурунда аталган мыйзам долбоорун депутаттар 2-окууда колдоп беришти.