Японияда аял кош бойлуу болуп калгандыгы үчүн кесиптештеринен кечирим сурады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Японияда жетекчи өзүнүн кызматкерине ал кезекке карабай кош бойлуу болуп калгандыгы үчүн сөгүш жарыялап, кийин ал кесиптештеринен кечирим сурасын деп талап кылган.
Белгилүү болгондой, менчик бала бакчалардын биринде эмгектенген тарбиячылардын бирин жетекчилик жана кесиптештери түзүлгөн планга карабай кош бойлуу болуп калгандыгы үчүн айыпташкан. Мекеменин эрежелери боюнча алгач улуу кызматкерлер, андан соң кичүү кызматкерлер кош бойлуу болуп декреттик өргүүгө чыгууга тийиш.
Маалыматка ылайык, бул иш тууралуу массалык маалымдоо каражаттарына кызматкердин күйөөсү билдирген.
"Мен аялымдын жумушун сыйлайм, ошого байланыштуу биз анын иштеген жерине барып, расмий түрдө кечирим сурап келдик", - деген ал.
Бул окуя коомчулукка белгилүү болору менен көпчүлүк бала бакчанын жетекчилигин сынга алган. БУУнун акыркы жарыялаган статистикалык маалыматына ылайык, Япония гендердик теңчилик боюнча 144 мамлекеттин ичинен 114-орунда турат.