Бишкекте 2010-жылдагы Апрель окуясына арналган кече өттү (фото)

Бүгүн, 4-апрелде Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Апрель окуясында каза болгондорду эскерүү кечеси болуп өттү. Иш-чарада 2010-жылы 7-апрелде Бишкекте болгон окуяларга арналган тасма көрсөтүлүп, шаңдуу концерт менен уланды. Андан соң иш-чарага өлкө жетекчилигинин өкүлдөрү катышып сөз сүйлөштү.

Президенттин аппарат башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбековдун кайрылуу сөзүн окуп берди. Аппарат башчы Апрель окуясында көз жумган адамдардын туугандарына, жакындарына жеңилдетүү бериш керектигин айтты.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаты Рыскелди Момбеков: “Шейит болгон жаткан жери бейит болгон баатырларыбызды эскерүү бир чети аза болсо, бир чети майрам күн. Кайран күндү майрам күнгө айланттык. 7-апрелди майрам күн кылалы деп Алмазбек Атамбаевге мен сунуштагам. Ал киши 1,5 күн ичинде 7-апрелди кызыл дата кылуу боюнча чечим чыгарып берди.

Мен бүгүн бийликтин өкүлү катары эмес, Апрель окуясына катышкан адам катары ушул залда отурган премьер-министрге, Жогорку Кеңештин төрагасына жана президенттин аппарат жетекчисине ушул каза болгон баатырларыбызга макам берип коюуну сунуштайм. Эмне үчүн Баткен окуясына катышкандардын макамы бар, ал эми Апрель окуясында Бакиевдин коркунучтуу режими менен кармашкан балдардын макамы жок?! Бул баатырларга мен “Манас” орденин берүүнү сунуштайм. Апрелчилерди эстебеген адамды Айтматовдун Дөнөнбайына теңейм. 7-апрель күнү майрамдардын майрамы болуш керек”, - деди Момбеков.

КСДП партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Фарид Ниязов 7-апрель - бул улуттук майрам экенин айтты. "Бул майрам ошол Апрель окуясына катышкан Таластагы, Нарындагы, Ысык-Көлдөгү, Жалал-Абаддагы жарандарыбыздын эмгеги. Коркунучтуу режимге каршы чыккандардын мээнети. Учурдан пайдаланып экс-президентибиз Алмазбек Атамбаевдин атынан да апрелчилерди куттуктап кетем", - деди Ниязов.

Парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков: “Апрель окуясынын ар бир баатыры өз өмүрүн өлкө келечеги үчүн арнады. Алардын аты түбөлүк калышы үчүн коюлган максаттарды биргеликте ишке ашырышыбыз керек. Ошондо гана өлкөбүз күчтүү жана өнүккөн мамлекетке айланат деп ишенем. Коррупцияга каршы олуттуу күрөш башталып, акыркы сегиз жыл аралыгында көптөгөн ойлор жана пландар ишке ашты. Бирок биз багытыбызды дагы да улантып, алдыга кадам шилтей беребиз”, – деп убадалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан