Жөлөк пулу жок калган Биринчи май районунун жашоочулары дагы эле акчаларын алыша элек

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун жашоочулары жаңылыштык кетип башка бирөөнүн эсебине которулуп калган март айына бөлүнгөн жөлөк пулдарын ала элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Болот Абдрахманов билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңылыштык кетип, эсебине 841 миң сом түшкөн жаран азыркы тапта 100 миң сомун эле кайрып берген.

"Биздин кызматкер жаңылыштык кетирип которуп алган сумманын 100 миң сому эле кайтарылып берилди. Ал бүт сумманы дароо кайтарып бере албасын айтып, кийинки жумада каражаттын дагы бир бөлүгүн которорун айтты. Эсебине акча түшкөн жаран бизге акча которгон сайын биз акча албай калган жарандардын эсебине которуп турабыз", - дейт Абдрахманов.

Эскерте кетсек, 8 миң 410 сом жөлөк пул жарандын майыптыгы үчүн которулмак. Бирок кызматкер жаңылышып, 100 эсе көп акчаны которуп алган. Ал эми ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран мындай суммадагы акчаны кайрымдуулук фонддору которду деп ойлогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ayida
2018-04-04 19:07:23
Уяты жокда сурабай иштетип
0
zhaku2017
2018-04-04 19:29:04
Аткарылбай турган убада эле, айтылып кеткен озу эле. Убада - аткаралышы менен жакшы.
0
Chinnuri
2018-04-04 19:33:10
Суйунчу акча эмне болду берилип жатабы? Алгандар барбы?
+1
Okunboim.
2018-04-04 19:37:32
Колдорунан келбесе айтышпай эле койбойбу....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан