Жол эрежесин бузган маршруттук таксилердин айдоочулары лицензиясынан айрылышы мүмкүн

Борбор калаанын башчысы Албек Ибраимов маршруттук таксилердин айдоочулары жол эрежесин буза турган болсо, иштеген фирманын лицензиясын алуу боюнча маселени иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов коомдук транспорттун ишин жакшыртуу үчүн мамлекеттик муниципалдык башкармалыктардын жетекчилери жана коомдук транспортту көзөмөлдөгөн тараптар менен биргеликте атайын жыйын өткөрдү.

Жыйындын алкагында Бишкек шаарындагы транспорт башкармалыгына маршруттук таксилердин айдоочулары жол эрежесин буза турган болсо, иштеген фирманын лицензиясын алуу боюнча маселени иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

"Транспорт башкармалыгы борбордук көчөлөрдү маршруткалардан бошотууга милдеттендирилди. Ошондой эле жолдордун оңдолушу боюнча графикти эске алуу менен маршруттук такси, автобус жана троллейбустардын дагы схемасын өзгөртүү тапшырылды", - деп маалыматта жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан