Бүгүн, 4-апрелде Мамлекеттик Тил жана маданият институтунун уюштуруусунда Кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган кыргыз тили боюнча Жогорку окуу жайлар аралык олимпиада болуп өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулар кабарлашты.
"Олимпиадада студенттерге өздөрү тандап алган Айтматовдун чыгармачылыгы жана коомдук ишмердүүлүгү боюнча сунушталган темалар боюнча долбоор даярдап, аны коргоп берүү талабы коюлган. Анда өздөрүн мыкты көрсөткөн Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенти Шакирова Эльнура 1-орунга ээ болсо, М.Кашкари атындагы Чыгыш университетинин Абасканова Анара аттуу студенти 2-орунду багындырды", - дейт уюштуруучу.
Ошондой эле жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектер ыйгарылгандыгын кошумчалады.