Кыргыз курама командасы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу уюмунун алкагындагы алгачкы университеттер аралык спорттук оюндарга катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган мелдеш Азербайжандын Баку шаарында 5-10-апрель аралыгында өткөрүлмөкчү. Ага Кыргыз өлкөсүнөн 27 спортчу, 5 машыктыруучу жана Мамлекеттик агенттиктин 3 өкүлү барат. Спортчулар спорттун 6 түрү боюнча мелдешке катышат.
Бүгүн, 4-апрелде Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин имаратында Кыргыз курамасын узатуу аземи орун алды. Анда агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев спортчуларга ийгилик каалап, кураманын капитанына Кыргыз туусун ыйгарды.
"Университеттер аралык спорттук оюндарында спортчуларга белгиленген сандагы медалдарды жеңүү максаттары коюлган. Силер жакшы ийгиликттерди көрсөтөсүңөр деп үмүттөнөм, анткени силердин досторуңар 2018-жылдын башында эл аралык мелдештерде жана күрөш боюнча Азия чемпиондугунда жеңиштерге жетти. Татыктуу мелдеш көрсөтүп, жеңиш менен кайтып келишиңерди каалайм", - деп айтты Канатбек Арпачиев.
Кыргыз делегациясынын тизмеси:
Делегациянын жетекчиси: Эркинбек Абдылдаев;
Делегациянын өкүлү: Канат Жанузаков жана Бушарипа Оболбекова;
Шахмат боюнча курама команда:
Машыктыруучу: Чолпонбек Тиленбаев;
Спортчулар: Азамат Керимжанов, Алманбет Раманов, Шаадат Момуналиева, Бурулай Кубанычбек кызы;
Стол үстүндөгү теннис боюнча курама команда:
Машыктыруучу: Оксана Маляренко;
Спортчулар: Мелис Ильяз уулу, Жанболот Тилемиш уулу, Акылбек Касымов, Айгерим Кудайбергенова, Барчынай Мусаева, Алтынай Өмүралиева
Волейбол боюнча курама команда:
Машыктыруучу: Марат Сейтказиев;
Спортчулар: Гулида Райимберди кызы, Диана Исакова, Бегимай Кадыралиева, Айчүрөк Орозбекова, Арина Раева, Айзада Канатбекова, Гүлүмкан Жумалиева, Элес Ырыспаева, Нургиза Масимова.
Эркин күрөшү боюнча курама команда:
Машыктыруучу: Анарбек Усенканов;
Спортчулар: Тариэль Тологонов, Бекжан Токтобаев, Эмиль Ашыралиев;
Грек-рим күрөшү боюнча курама команда:
Машыктыруучу: Улан Деркембаев;
Спортчулар: Бекмырза Абакулов, Мелис Айтбеков, Үзүр Жусупбеков;
Дзюдо боюнча курама команда:
Спортчулар: Алибек Чороев, Шатман Эсенбек уулу.