Түркиянын Кайсери шаарында Кыргыз маданият күнү өткөрүлдү

Түркиянын Кайсери шаарында Кыргыз маданият күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган шаардагы "Кыргыз студенттер биримдигинин" мүчөсү Айдай Эрмекова билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-апрель күнү Түркиянын Кайсери шаарында окуган Кыргыз студенттер тарабынан "Кыргыз өлкөсүн таанытуу күнү" өткөрүлгөн. Аталган маданий иш-чарага Эржиес университетинин ректору баштаган факультет декандары менен бирге чет элдик студенттер катышкан.

"Мындай иш-чараны жыл сайын өткөрүп келебиз. Анда биз иш-чарага келген катышуучуларды жана конокторду Кыргыз маданияты менен тааныштырабыз. Андан сырткары, кайыш, кийизден жасалган улуттук сувенирлерди көргөзмөгө коюу менен бирге залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун китеп бурчун да уюштурабыз", - дейт Эрмекова.

Ошондой эле быйыл мурдагы жылдардан айырмаланып иш-чарага келген конокторду күзүндө боло турган III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакыруу иретинде өткөнүн биримдиктин мүчөсү кошумчалады.

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилигинин расмий маалыматы боюнча аталган өлкөдө 19 миңге жакын Кыргыз жараны бар. Ал эми Кайсери шаарында 120га жакын кыргыз жарандары жашашат. Алардын 72си лицейлерде, университеттерде окуган окуучулар менен студенттер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
monkey92
2018-04-04 23:30:59
Азаматсыңар! Эрболот Касымовдун эмгеги чоң.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан