Чемпиондор Лигасы: Өз дарбазасына 2 гол киргизген "Рома" "Барселонадан" 4:1 эсебинде жеңилип калды

5-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын алгачкы беттешинин алкагында испаниялык "Барселона" өз талаасында италиялык "Романы" кабыл алды.

"Камп Ноу" стадионунда орун алган беттеш 4:1 эсебинде "Барселонанын" жеңиши менен аяктады. Беттешти командалар дароо курч чабуулдар менен баштады. Атаандаштар бири-биринен топту тартып алып, чабуулдарды уюштуруп жатышты. Эсеп саны 38-мүнөттө ачылды. Анда "Романын" оюнчусу Даниэле Де Росси Иньестанын чыгарып берүүсүн токтотууга аракет жасап, топту өз дарбазасына киргизип алды. 56-мүнөттө "Романын" коргоочусу Константинос Манолас менен дарбазачы Алиссон бири-бирин түшүнбөй калып, өз дарбазасына гол киргизип алышты. Арадан 1-мүнөт өтүп, эсеп саны 3:0гө айланды, бул ирет голду "Барселонанын" оюнчусу Жерар Пике киргизди. 80-мүнөттө "Романын" чабуулу ийгиликтүү жыйынтыкталды. Диего Пероттинин чыгарып берүүсүнөн улам Эдин Жеко мүмкүнчүлүгүн 100 пайызга колдонуп таамай сокку менен эсепти 3:1 кылды. 87-мүнөттө Луис Суарестин алыскы аралыктан узатылган соккусу таамай болуп, эсеп 4:1ге айланды. Муну менен чейрек финалдын алгачкы беттешинде "Барселона" 4:1 эсебинде жеңишке жетти. Командалардын жооптук беттеши 11-апрелде өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
Makkambaev97
2018-04-05 03:12:50
Барсанын оюну кызыксыз болду.Куттуктаймын
-9
taiyr00kg
2018-04-05 07:20:39
Makkambaev97,ее брат Рома утулуп калса кызыксыз ойун болот да
+6
Rasul94
2018-04-05 07:58:17
Makkambaev97,барсанын оюну ушул да болгону.
Ливерпуль Сити кызык болду
+2
taiyr00kg
2018-04-05 07:17:22
Жакшы ойун болду алга Барселона алга
+5
Isco23
2018-04-05 08:33:55
taiyr00kg,каякта жакшы оюн болду? Оздору нукцра гол сая алышпайт да. Автогол мн гол киргизишип. Мессин дардандап журду го гол сая албай. Качан через себя тебет экем деп.ухиххиихх
-5
Rasul94
2018-04-05 09:09:04
Isco23,ал через себя тебе албайт.буту кыска.кыйшык дагы
-3
blaugrana.
2018-04-05 09:22:49
Rasul94,Owol kyiwyk butun aiynan kancha jolu kaigyrdynar
+1
taiyr00kg
2018-04-05 09:35:31
Rasul94,өмүрүнө биринчи жолу через
себя гол кирипсиңер мактангыла
+2
taiyr00kg
2018-04-05 09:33:13
Isco23,автогол киргизгенди үрөнүп
алгылачы оңойбу силерге автогол киргизү
-4
OFlCER
2018-04-05 09:40:33
Isco23, Кучтуу клубдун жанында мандраж кармашып оздоруно оздору гол киргизип алып жатыштыда, ХХХХХХХ
+3
Isco23
2018-04-05 10:23:55
OFlCER,коробуз майли рома слабый болуп калды. Полуфиналда кимге тушот экен.
-2
blaugrana.
2018-04-05 09:21:10
Maktanchaktar kartaigancha aitkyla emi cherez seb9 tepkenin.Messi tebe albasa albadyda silerge emne jensek boldu
0
Isco23
2018-04-05 10:19:44
Ошондой болуш кк да мактана турганды айтвш кк. Силерге окшоп женсек болду да дебей. Алга реал
0
Isco23
2018-04-05 10:24:57
Ооооле ооооле оле олеее Реал чемпион. Алга Ак тустуу реал. Алга Реал ураааа
-2
aiba-889290
2018-04-05 10:44:28
4:1 эсеби менен оюн жыйынтыктады.Кызыгы бул беш голдун 3 голун Рома киргизди,бирок утулуп калды.Жооптук беттеште деле интрига жок болуп калды,жарым финалга Реал мадрид,Ливерпуль,Барселона,Бавария отту дей берсек болот.
0
Rasul94
2018-04-05 10:48:14
финал Реал Ливерпуль болсун дуйно эли суктанган оюн болот эле.
Алга Реал Мадрид 3-ирет катарынан кубокту алышсын
-4
ilgizk
2018-04-05 10:49:47
Барселона кандай команда менен, кандай ойношту билет,күчтүү менен күчтүү, күчсүз менен күчсүз ойнойт, Рома менен ошондой эле болду, Барса Ливерпуль болот полфинал
-3
King_Messi
2018-04-05 11:07:53
Алгаа Барселона !!!
-1
Joka.94
2018-04-05 11:28:58
Полуфинал эль классико болот окшойт. Ким чемпион болорун убакыт корсотот. Иско сен чычалай бербе жон эле.
0
arawan
2018-04-05 11:54:21
барса буга чейин жалан слабый каманданы утуп келди эми коробуз пол финалда жана да суарезтин актёрлук чеберчилиги ичин кармап тыпырап жатып калды эле кайра топ оздоруно тийсе эч нерсе болбогудай туруп кетти анан альба дагы арамза ойноп калыптыр ктрк спорт кече кызыктуу оюн лив ман сити болчу неге аны бербей кайдагы супсак оюнду бердинер эмкиде ман сити мн лив бергиле орт оюн болот
+1
Rasul94
2018-04-05 11:59:22
arawan,туура айттын ++++++++
-1
madrid7000
2018-04-05 14:50:42
arawan,+++++++++++++++++
+2
aksuu_aduk
2018-04-05 11:56:58
Эгер Барса менен Реал тушуп калса Месси учун ал оюн тренировка эле болот
0
Isco23
2018-04-05 18:39:44
aksuu_aduk,аксууда жашап сивилизациядан артта калыпсын. 7 ай кышты коро берип. Месси не кудай беле. Бою сенин атандай эле адам да. Кришти учун не важный матч бекен. Ага деле огороддо ойногон оюндай сезилет
0
aksuu_aduk
2018-04-05 18:57:27
Isco23,кайсыл Аксууду айтасын анан корбой жатасынбы акыркы Сантяго берне беу деги оюндпрды
-2
Isco23
2018-04-05 20:57:54
aksuu_aduk,аксууду эмес. Аксууну дечи. Баткен тарапсынбы?
+2
Brokg89
2018-04-05 15:06:11
Барса Бармалей))))))))
-3
Brokg89
2018-04-05 15:06:52
Барсада шанс жок вообще ноль десек болот финалга чыкбайт!!!
-1
Isco23
2018-04-05 18:40:29
Brokg89,молодец. Жайладын. Чыкпайт жизнь. Чыкса ушуга чейин чыгат эле да
+1
FCBMESSI
2018-04-05 20:28:56
Isco23,чык эшике
0
Bale
2018-04-06 01:19:57
ой Барса чыкпайт финалга.. слабый клубту араң утту.. полуфиналда учат...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан