Бишкек шаарында 2 жаран үй ээсин зордуктоого аракет кылышкан. Бишкек РИИБнин маалымат кызматынын билдиришинче, Бишкек шаарынын 35 жаштагы жашоочусу А.Бга сырттан тааныш болуп жүргөн адамдары 16-июнда 17:30дар чамасында мас абалында барып, ал аялды зордуктоого аракет кылышкан. Бул кылмыш иши боюнча шектелип, 30 жаштагы С.Э. жана 52 жаштагы Б.А. кармалды. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.