Чемпиондор Лигасы: "Ливерпуль" өз талаасында "Манчестер Cитини" 3:0 эсебинде жеңип алды

5-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын алгачкы беттештеринин алкагында "Ливерпуль" менен "Манчестер Сити" футболдук клубдары кез келди.

Ливерпуль шаарындагы "Энфилд" стадионунда орун алган беттеш 3:0 эсебинде Ливерпуль командасынын жеңиши менен жыйынтыкталды. Эсеп саны 12-мүнөттө Мохамед Салахтын голу менен ачылды. Анда Салах Роберто Ферминонун чыгарып берүүсүн ийгиликтүү жыйынтыктап эсепти 1:0 кылды. 21-мүнөттө Алекс Окслейд-Чемберлен 20 метр аралыктан таамай сокку менен эсепти 2:0 кылып, "Ситинин" дарбазачысы Эдерсонго тосуп алууга мүмкүнчүлүк калтырган жок. 31-мүнөттө "Ливерпуль" эсепти 3:0 кылганга жетишти. Бул ирет Садио Мане таамай болуп, башы менен сокку узатып, гол киргизди.

Муну менен "Манчестер Сити" коноктогу беттеште жеңилүү ызасын тартты. Эки команданын жооптук беттеши 11-апрелде орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Makkambaev97
2018-04-05 03:11:38
Ливерпуль алгаа
+8
Makkambaev97
2018-04-05 03:11:58
Реал Мадрид - Ливерпуль финал
-6
Rasul94
2018-04-05 07:56:29
мына оюн. мына мен куткон эсеп.ситиге ушул керек болчу
+4
Isco23
2018-04-05 08:31:25
Сти мн Барса финалда дегендер чыккыла. Айтсам талашасынар. СИТИ международгый аренада ойной албайт. Кечееки эле тузулгон команда ПСЖга окшош.
+4
Rasul94
2018-04-05 09:12:25
Isco23,Ситинин жолу жок лчдо
+2
realliver
2018-04-05 09:15:19
Барсамандарды Реал Ювены согуп бир куйгузсо, ишенген Ситисин Ливерпуль +18 кылып салып орттоп эле жиберди)) Жыл башынан бери эле Реалды Сити утат деп сайрап келатышты эле, кордук Ситиси бир створ удар жок
+6
madrid7000
2018-04-05 14:56:26
realliver,Туура,дарбазага таамай сокку ноль.Ситиники пасташуу,пасташуу жана пасташуу.
+1
madrid7000
2018-04-05 14:59:58
Ситиге Реал тушуш керек болчу.Сити оюнчулары жабыла атакага кетип калышат,ал эми Реалдын контр атакасы айтпаса да белгилуу.
+1
Isco23
2018-04-05 18:52:11
madrid7000,анда охууууу элестетиш кыйын го.
+2
OFlCER
2018-04-05 09:38:14
Бечара лгбтщниктер оозунар кулагынарга жетип калыптырго а?)))
-5
Kanybek121195
2018-04-05 10:45:54
Ливерпуль биринчи таймда ситини жинди кылып койду екинчи тайм Салах оюндан чыгып кеткенде Сити кичине атака кылды бирок гол киргизе албады. Алга Ливерпуль Алга Салах.
+5
Brokg89
2018-04-05 15:02:00
Мохамед Салах Азаматсын коп Жаша!!!
+4
murat17
2018-04-05 16:03:49
Салах жакшы оюнчу Неймар дагы жетпейт менимче Алга Ливерпуль Алга Клопп
+4
bazarkyl
2018-04-05 16:23:24
murat17, Клопптун тактикасы,
мактоо ошонуку Салах азамат!
Манчестерде 2 оюн кызыктуу болот.
Алга Ливерпуль!
+2
FCBMESSI
2018-04-05 19:25:09
Ситиде кийинки баскычка чыгууга 90 мүнөтү бар.Мүмкүн болбогон нерсенин өзү жок.Барса ПСЖнын оюнундай болушу толук ыктымал.Ман сити алга!
-1
Rasul94
2018-04-05 21:57:36
FCBMESSI,анда Айтекин ойногон да кошулуп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан