Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунан 31 жаштагы келиндин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, жансыз дене 5-апрелге караган түнү аталган конуштан табылган. Маркумдун аты-жөнүн тактоодо ал 1987-жылы туулган Г.О. аттуу келин экендиги белгилүү болгон. Анын денесинде жаракаттар бар. Учурда медициналык экспертиза жүргүзүлүп, маркумдун өлүмүнүн себептери такталууда.
Ал эми өздүк булактардын билдиргенине караганда, окуя болгон учурда келиндин жолдошу мас абалында болгон. Күйөөсүнүн айтымында, жубайын досу өлтүрүп унаасы менен качып кеткен.