Астанада дүкөнү жана ажатканасы бар аялдама курулду

Казакстандын Астана шаарында бардык шарты бар аялдама курулду. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Бул аялдама кышында сууктан, жазында жаан-чачындан калкалаган атайын айнектен курулган. Мындан тышкары унаа күткөндөр үчүн дүкөн жана ажаткана куруу каралган. Аялдаманын узундугу 16 метрди түзөт. Бардык тарабынан видеокөзөмөлдөө, желдеткич коюлган. Ошондой эле өрт коопсуздук системи каралган. Коомдук унааларды күтүүдө жарандарга ыңгайлуу шартты түзүп бергенге мамлекеттин бир да тыйыны кеткен эмес. Шарты жакшы аялдамалар ишкерлердин эсебинен курулары айтылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
ziash85
2018-04-05 09:11:37
Мынча сонун.бизде да ушундайлар курулса деп кыялданып кеттим
+7
States
2018-04-05 09:16:33
Астанага барып оозум ачылып калган
0
Janna07
2018-04-05 09:41:06
Москвада телевизору бар аялдамалар салына баштаган эле мен кележатканда
+1
Zainidin96
2018-04-05 09:53:37
Онуго берсин Астана бизде ушундай шарт тузуп берсе гана
0
tttalant
2018-04-05 09:55:38
Бизде коомдук жайда туалет тапайсынго аялдаманы айтпай эле...
+6
bond02
2018-04-05 10:06:15
коншулар онугуп эле жатат, а биз дагы эле турабыз жолонуп.
+4
Dalil
2018-04-05 10:16:15
Биз 120 депутатка талап койсок болбойбу ушундай аялдама куруп бергиле деп. Ансыз да пайдалуу ишинен зыяны көп болуп жатат булардын. Дастан Бекешовго окшогондор парламенттин бийлигин бекемдеш менен убара.
+2
BarsBaatyr
2018-04-05 11:04:32
Dalil,Талап кылбай кал сен.Ар бир аялдамага 5-10 миллион доллардан эсептейт буларын.
+5
Dalil
2018-04-05 11:11:54
BarsBaatyr, өз чөнтөгүнөн курса канча эсептесе эмне айырмасы бар сизге. Мамлекеттин казынасынан эмес өз чөнтөгүдөн куруп берсе дегем.
0
PROS
2018-04-05 12:10:28
Dalil, биздин депутаттар өз чөнтөгүнөн э? Өз чөнтөгүнөн? Мындайды укса биздин депутаттар шапкасын баса кийип тээ алыстан өтөт!
+3
Muratmipa
2018-04-05 12:29:38
Dalil,андай курбай эле койсунчу а то дагы бир аялдаманы 500 мин долларга курдук деп кыргыз элин дагы карызга батырат
+5
Dalil
2018-04-05 10:17:29
Ар бири бирден аялдама курса шаардын борбору кыйла көрккө келип калмак.
+5
Medinaa
2018-04-05 10:26:52
Өзбекстан менен Казакстан өнүгүп жатат.Бизчи?Ар ким өз мандаты менен убара (
+4
BarsBaatyr
2018-04-05 11:06:13
Бийлике нааразы болгондорду шайлоодо көрөбүз.
+3
datkayimjan
2018-04-05 13:13:17
Аялдама эмес эле миниавтовокзал го
+2
balzak
2018-04-05 14:42:36
мынча сонун, жакшы долбоор экен, суктандым
0
ZANIA-92
2018-04-06 02:38:16
Баарынанда комментарийлер кызыктуу экен. Бир жылмайып алдым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан