94 жаштагы миллиардер Самнер Редстоун оор дарттан улам сүйлөбөй калып, кол алдындагы кызматкерлерин iPad гаджети аркылуу сөккөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Тилден калган Самнер Редстоун бул ыңгайсыздыктан чыгуунун оңой жолун тапты. Ал iPad гаджетине бир муундуу сөздөрдүн топтомунан турган тиркеме орнотуп алган. Анын гаджетиндеги тиркемеде “Ооба”, “Жок”, “Барчы ары” (Fuck you) деген сөздөр көп колдонулганы аныкталган.
Кошумчалай кетсек, медиамагнат Семнар Редстоунду 2016-жылы сот психиатриялык экспертизага жиберген. Анткени анын мурунку сүйүктүүсү Мануэла Херзер кылган ишине жөндөмсүз, жасаган иш-аракетине жооп бере албайт деп арызданган эле.
Миллиардердин байлыгы учурда 5 миллиарддан ашуун долларды түзөт.