Чиновниктердин жубайларынын компаниялары эми мамлекеттик сатып алууларга катыша албайт. Жээнбеков тыюу салды

Сооронбай Жээнбеков “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мыйзамдын максаты - мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү процесске катышкан кызмат адамдарынын арасында коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү жана атаандаштыкты камсыз кылуу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирди. Эми чиновниктердин жана алардын жакын туугандарынын үлүшү бар компаниялар мамлекеттик сатып алууларга катыша албайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан